17-майда Талас шаарында Дүйнөлүк тренерлер үчүн Тренинг Институту “Лидерлик жана аялдардын саясий активдүүлүгү”, Аялдардын билим берүү коалициясы менен биргелешип “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору жана “Демократия үчүн аялдар Клубу” тарабынан уюштурулган “Лидерлик жана аялдардын саясий катышуусу” аттуу семинар тренинг башталды.
Семинардын ачылышында Талас облусунун губернаторунун орун басары Рыскелди Ботиков, КР Акйкатчысынын Таластагы өкүлчүлүгун жетекчиси, коомдук ишмер, акын-жазуучу Арзыкан Момунтаева, Борбордук шайлоо комиссиясынын Талас шаары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Гүлнара Избасарова сөз сүйлөп, аялдардын коомдогу орду, саясый демилгелүүлүгү тууралуу белгилеп өтүштү.
- Аялдар коомубузда зор күч, жетекчилик кызматтарды аркалаган айымдар талс жергесинде арбын. Ар кандай турмуштук кырдаалдарга жооп табууда аялдардын эркектерге салыштармалуу өзгөчөлүктөрү болот, деп белгиледи губернатордун орун басары Рсыкелди Ботиков.
Семинар-тренингге “Ата Мекен”, “Республика”, “СДПК”, “Акыйкат”, “Мекен ынтымагы”, “Замандаш” саясый партияларынан активдүү аялдар, коомдук бирикмелердин, бейөкмөт уюмдардын жетекчилри, өкүлдөрү, жергиликтүү шайлоо комиссияларында иштеген жана коомдун ар кыл чөйрөлөрүндө жигердүлүк менен аракеттенген айымдар катышты.
Семинардын биринчи күнүндө, үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстандагы аялдардын саясый активдүүлүгү” аттуу видео тасма көрсөтүлдү. Тренерлер Гүлбарчын Жумабаева, Мира Сейдикеримова “Лидер деген ким”, “Лидерликти түзүүучу блоктор: баарлашуу катары лидерлик”, “Лидерликти тандайбыз”, “аялдар, маалымат жана мүмкүнчүлүгү”, “Үйрөнүүчү коомчулуктарда лидерлик”, “Лидердлик жана аялдардын саясый активдүүлүгү”, темаларында сабак өтүшүп, аялдар топ-топторго бөлүнүп иштеп, кызуу талкууларды жүргүзүштү.
Мира Сейдикеримова