2011-жылдын 25-октябрынан 10-ноябрына чейин «Мыйзамдуулук жана адам укуктары» Улуттук Штабын жана «Туз байланыш» туйунун тузуу боюнча
Меморандум
2010-жылдагы оор саясий абалды жана өлкөдөгү шайлоо алдындагы кырдаалды эске алуу менен, жана Президенттикке талапкер кандидаттардын Абийир кодексин сактоосуна жыйынтыктуу байкоо жүргүзүү жана шайлоо алдындагы, шайлоо күнү жана шайлоодон кийинки ар кыл карама-каршылыктар учурунда күч түзүмдөрүнүн ыкчам аракеттерди көрүүсү же чабалдык кылуусун коомдук көзөмөлду камсыздоодогу ролун анализдөө, коррупциялык, мыйзамсыздык иш-аракеттер катталган учурда таасир беруучу жана тез аракет кылууну координациялоону,
Коррупцияга каршы Ишкерлер Советинин, «Жарандар корруцияга каршы» укук коргоо борборунун, Саясий Партиялардын Парламенти коомдук бирикмесинин, «Лидерликти Тандайбыз» Жаштар кыймылынын Жарандык журналистиканын демигесин колдоп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин адам укуктары, тен укутуулук жана коомдук бирикмелер Комитетинин, КРнын Жогорку Комитетинин, КРнын Башкы Прокуратурасынын, КРнын Ички Иштер министрлигинин, КРнын Өкмөтунун алдындагы Мамлекеттик Жазаларды Аткаруу Кызматынын демилгесин колдоп
Ч Е Ч И Л Д И
- Эксперттик топтордун, жарандык активисттердин, укук коргоочулардын, күч тузумдөрүнүн, Прокуратура өкүлдөрүнүн курамынан турган «Мыйзамдуулук жана адам укугу» улуттук штабын Саясий партиялардын Парламентинин базасында (СПП) тузуу. Адрес: Манас 101/ 1, 4 этаж, 509 кабинет, тел: 0312 69 41 13.
- 2011-жылдын 25-октябрынан 10-ноябрынан баштап, 0312 93 9909; 0312 69 41 13; 0312 66 33 73 улуттук штабдын «Түз байланыш» түйүнүнүн иштеп баштоосун камсыз кылуу, демилгечилердин жана эксперттердин курамынан турган топтун иштөө нөөмөтүн түзүү.
Улуттук Штабдын максаты:
- Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин Абийир Кодепксин сактоосуна байкоо жүргүзүү;
- Шайлоо алдындагы, шайлоо күнүдөгү жана шайлоодон кийинки мезгил аралыгындагы адам укуктарынын бузулушу көрүнүштөрүн азайтуу;
- Карама каршылыктар, коррупция, укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттерди көрүүлөрү же аракетсидиги боюнча маалыматтарды жыйноо;
- Катталган мыйзам бузуулар, карама каршылыктар келип чыккан учурларда ыкчам таасир көрсөтүү жана жоопкерчиликтүү органдар тарабынан чаралардын көрүүшүн камсыз кылуу;
- Укук коргоо органдарын реформалоону андан ары улантуу үчүн, коомдун андан аркы басмырлоосуз жана зордук зомбулуксуз демократиялоону жана жарандык коомдун көзөмөлү аркылуу саясий партиялардын ролун күчөтүү үчүн шайлоо алдындагы, шайлоо күнүндөгү жана шайлоодон кийинки абалга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет жана көрсөтмөлөрдү берүү;
«Мыйзамдуулук жана адам укуктары» Улуттук Штабынын ишин уюштуруу кадамдары:
- Улуттук Штабдын иш ордун аныктоо,
- Улуттук Штабга кызыктар көз карандысыз эксперттердин, жаш лидерлердин, укук коргоочулардын, адвокаттардын, юристтердин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катарынан турган иш нөөмөтүн уюштуруу;
- Улуттук Штабдын иштөө регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Улуттук Штабдын иш планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Улуттук Штабдын эксперттеринин кызматтык милдеттери тууралуу көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Улуттук Штабдын уюштуруу комитетинин курамын бекитүү;
- Ар күнү келип түшкөн маалыматтарды жыйноо, талдоо жана көрсөтүлгөн чараларды анализдөө;
- Улуттук Штабдын ишмердүүлүгү, уюштурулган жыйындарды жана пресс конференцияларды ММКларда чагылдыруу жана пресс-релиздерди таратуу;
- 3 багыт боюнча (карама каршылыктар, коррупция, укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттерди көрүүлөрү же аракетсидиги) боюнча көрсөтмөлөрдү жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- Иштелип чыккан жана макулдашылган көрсөтмөлөрдү бийликтин тиешелүү институттарына жана эл аралык уюмдарга жөнөтүү;
- «Мыйзамдуулук жана адам укуктары» улуттук штабынын иштөөсү 2011-жылдын 25-октябрынан 10-ноябрына чейин уланат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан «Мыйзамдуулук жана Адам укуктары» Улуттук Штабынын түз байланыш түйүнүнө шайлоо кодексинин сакталышы боюнча ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт
Улуттук штабдын алдында турган маселелерди чечиш үчүн:
- «Мыйзамдуулук жана адам укуктары» Улуттук Штабынын иш алып баруусун уюштурууну, белгиленген убакыт аралыгындагы Штабдын иш планын, иш программасын (жазуу жана финансылык түрлөрү), Штабда ишке тартылган баардык кызматкерлердин жана эксперттердин кызматтык милдеттеринин көрсөтмөлөрүн иштеп чыгууну демилгечи топко тапшыруу;
- КРнын Ички Иштер министрлигине, КРнын Башкы Прокуратурасына, КРнын Жогорку Кеңешинин тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитети, КРнын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу комитетине, мамлекеттик эмес уюмдарга жана жаш активисттерге, эксперттерге улуттук штабды түзүүгө негиз берген үч багыт боюнча (карама каршылыктар, коррупция, укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттерди көрүүлөрү же аракетсидиги) Штабдын иштөөсүн тапшыруу;
- Улуттук штабдын түз байланыш түйүндөрүн, иш тартибин жана милдеттерин эки тилде (кыргыз жана орус) КТРК, башка телеканалдар, радио жана интернет булактарына, ММКларга кеңири жайылтуу;
- Улуттук Штабдын миссиясын, максатын жана милдеттерин, алгачкы жана жыйынтыктоочу отчетторун, адам укуктарынын сакталышы жана демократияны жайылтуу боюнча алдыдагы реформаларды жүргүзүү боюнча эксперттик топтун көрсөтмөлөрүн коомчулукка, Мамлекеттик эмес уюмдарга, саясий партияларга Массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири жайылтуу:
Кол коючулар:
Саясий партиялардын парламенти К.Молдокулов
Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши Н.А.Муканова
«Жарандар коррупцияга каршы» укук Коргоо борбору Т.А.Исмаилова
«Лидерликти тандайбыз» Жаштар кыймылы Т.Джалилова
Демократияны өнүктүрүү фонду Г.А.Жумабаева
КРнын Ички Иштер министрлиги Ш.С.Мамыров
КРнын Жазаларды Аткаруу мамлекеттик кызматы К.О.Качкыналиев
Жарандык журналистика А.Т.Сыдыков
Макулдашылды
КРнын Жогорку Кеңешинин тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитети;
КРнын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу комитети;
КРнын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитети;
КРнын Башкы Прокуратурасы.