Аймактык Форум

“Борбордук Азия Аракетте” Шериктештик-Жарандык Платформасынын алкагында «Бир Дуйно-Кыргызстан» Укук коргоо кыймылы» Коомдук Бирикмеси жана «Эл аралык коргоого жардам көрсөтүү борбору» тарабынан 2013-жылдын 24-25-апрелинде эмгек мигранттарынын укугун коргоо тууралуу маселелерди карап чыгуу боюнча Аймактык Форумду уюштурат.

Аймактык форум Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча “ИККО” голландиялык уюму жана Борбордук Азиядагы Даниялык Чиркөөгө Жардам Берүү аймактык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Аймактык форумдун негизги максаты катары –  Казак Республикасында жана Россия Федерациясында эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын эмгек мигранттарынын укугун коргоо жана аларга жардам көрсөтүү боюнча өнөктөштөрдүн тармагын түзүү жана биргелешкен иш-аракеттердин планын талкуулоо белгиленүүдө.

Аймактык форумдун пландары:

  •  Эксперттик коомчулуктун жана чечим кабыл алуучу тараптардын катышуусу менен эмгек мигранттарынын социалдык, саясий, экономикалык жана маданий укуктарына байланышкан абалдарды талкуулоо;
  • Алдыңкы юристтер жана эксперттик коомчулуктун катышуусу менен 4 мамлекеттин ичиндеги эмгек миграциясы багытындагы мыйзамдардын анализин талкуулоо;
  • Кыргыз Республикасы, Казак Республикасы, Тажик Республикасы жана Россия Федерациясынын мамлекеттик жана эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдарынын эксперттеринин катышуусу менен аталган мамлекеттерде мигранттарды жиберген жана кабыл алган өлкөлөрдө эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана жактооо механизмдерин иштеп чыгуу максатында жумушчу топторун түзүү;
  • Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана жактоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтордун иш аткаруу пландарын иштеп чыгуу;
  • Өкмөттүк эмес уюмдардан келген өнөктөштөрдү, мамлекеттик органдардан дайындалган эксперттерди тартуу аркылуу улуттук жана аймактык деңгээлде эмгек мигранттарынын проблемаларын чечүү жолдорун иштеп чыга турган Аймактык платформаны түзүү жана өнүктүрүү (4 мамлекеттен дайындалган өнөктөштөрдүн горизонталдык тармагы), сунуштар;
  • Сунуштарды мамлекеттик жана аймактык деңгээлде жактоо.

Форумга Кыргыз Республикасы, Тажик Республикасы, Россия Федерациясы жана Казак Республикасынын кызыктар/ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан келген өкүлдөрү, ошондой эле, өкмөттүк эмес жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Аймактык Форум 2013-жылдын 24-25-апрелинде “Достук” мейманканасынын чоң жыйын залында (№216) өтөт. Башталышы – 24-апрель 2013-жыл, саат 8:30.

Болжолдуу программа жана “Борбордук Азия Аракетте” шериктештик-жарандык платформасы тууралуу маалымат тиркелген.

Бардык суроолор боюнча Жанаргүл Исакбаевага (байланыш телефондору: 03222 46940, 0555707913.   Email: ) жана

Аида Байжумановага (байланыш телефондору: 314240, 0550184095.

 Email:  ) кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*
*